Түркиянын парламентине бомба ыргытылды

© AP Photo / Emrah GurelГосударственный переворот в Турции
Государственный переворот в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча Түркиянын улуттук чалгындоо уюму аскерлердин төңкөрүш жасоо аракети ишке ашпай калганын билдирди.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Түркиянын Анкара шаарындагы парламентинин имаратына бомба ыргытылганын HaberTürk басылмасы билдирди.

Буга чейин абадан болгон чабуулдан 17 полиция кызматкеринин каза болгону айтылган.

Белгилей кетсек, 15-июлда кечинде Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым NTV телеканалына өлкөнүн аскерлери өлкөдө аскерий төңкөрүш кылууга аракет кылганын телефон аркылуу билдирген. Йылдырым аскерий топ өздөрүн берилген укуктарды жана курал-жаракты колдонуп "мыйзамсыз аракеттерди кылууга аракеттерди көргөнүн" белгилеген. Бирок, түрк өкмөтү ишин улантып жатат.

Өз кезегинде Түркиянын Башкы штабы өлкө бийлиги өз милдеттерин аткара албай турганын билдирди.

Ал эми өлкөнүн президенти Тайип Эрдоган төңкөрүш жасоого аракет кылгандар катуу жазалана турганын айтып, бул баш аламандыкты токтотуу үчүн элди көчөгө чыгууга чакырган. Эрдогандын тарапташтары аскерлердин аракеттерине каршылык көрсөтүүгө аракет кылууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Түркиянын улуттук чалгындоо уюму аскерлердин төңкөрүш жасоо аракети ишке ашпай калганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0