Токтогул районундагы "Чычкан" суусуна коон жүктөлгөн унаа түшүп кетти

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен унаа. Архив
Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМден билдиришкендей куткаруучулар кырсык болгон жерден айдоочуну издеп таба албай коюшкан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чычкан суусуна Sprinter үлгүсүндөгү коон жүктөлгөн кичиавтобус түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын айынан бир жүргүнчү жарадар болуп, айдоочусу изделип жатат.

"29 жаштагы жүргүнчү өзү автоунаадан чыгып, ооруканага кайрылган. Учурда абалы жакшы. Ал эми 46 жаштагы айдоочусу изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМден билдиришкендей куткаруучулар кырсык болгон жерден айдоочуну издеп таба албай коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0