Оштун Шейит-Дөбөсүндөгү мүрзөгө курал бекиткен жаран кармалды

Жазылуу
Кылмышка шектүү Ош шаарында туулган. Ал мурда уурулук жасагандыгы үчүн эки жолу соттолгон.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Мүрзөгө курал бекиткен Оштун 26 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда тартип кызматкерлерине Ошто "Калашников" үлгүсүндөгү автоматты 200 долларга сатууга кардар издеп жүргөн жаран тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Жүргүзүлгөн оперативдүү иш-чаранын негизинде шектүү адам кармалды. Ал суракта куралды 2015-жылы алганын жана аны сатууга ниеттенип жүргөнүн моюндады", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү тартип сакчыларына куралды Шейит-Дөбө аймагында жайгашкан мүрзөлөрдүн бирине катып койгонун көрсөтүп берген.

"Курал "АК-74" үлгүсүндөгү 20 огу менен табылган. Ал 2010-жылы Бишкек шаарындагы апрель окуяларында жарандар тарабынан күч түзүмдөрүнүн биринен тартып алынгандыгы аныкталды", — деп белгиленет маалыматта.

Кылмышка шектүү жаран Ош шаарында туулган. Ал мурда эки жолу уурулук жасагандыгы үчүн соттолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0