11:46 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Темир жол. Архив

Башкыртстандагы темир жолдон 55 жаштагы КР жаранынын сөөгү табылды

© Sputnik / Алексей Филиппов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
83 0 0

Алдын ала иликтөөлөрдө, ал жүрөгү кармап калып каза болушу мүмкүн экендигин айтышкан.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Башкырстандын Авлаш аймагындагы темир жолго төшөөчү жыгачтан табылган адамдын сөөгү Ош облусунда туулган Кыргызстан жаранына тиешелүү болуп чыкты. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Сөөк 11-июлда Башкыртстандын Тукаевск районундагы Авлаш айылына жакын жердеги Бегишево жана Никашновка станцияларынын жанынан темир жолдон табылган. Темир жолдон сөөктү көргөн машинист милицияга билдирген.

Маркумдун Ош облусунда туулган 55 жаштагы Кыргызстандын жараны экендигин Уфанын тергөө бөлүмүнүн өкүлдөрү тастыктагандыгын ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сөөктү карай келгенде күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилер табылган эмес жана аны поезд тебелеп кетпегендиги аныкталган. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, ал жүрөгү кармап калып каза болушу мүмкүн экендигин айтышты",— деп кабарлады ТИМ.

Учурда соттук-медициналык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

КРдин Россиядагы элчилиги иликтөө процесстеринин жүрүшүндө Уфанын прокуратурасы жана тергөө комитети менен байланышып турарын айтышты.

Тема боюнча

"Тартуга" эс алуу борборунун бассейни жабылды, бала комада, кылмыш иши козголгон жок
Белгилер:
сөөк, өлүк, жаран, Ош облусу, Башкырстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ