Баткенде сел жүрүп, бир унааны агызып кеткен

© Фото / пресс-служба МЧС КРБаткен облусундагы сел агызып кеткен Porter унаасы
Баткен облусундагы сел агызып кеткен Porter унаасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин тиешелүү бөлүктөрү сел жүргөн аймактарды текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Баткен аймагында кечээ кечки төрттөрдөн кийин сел жүрүп, эки көпүрөнү, элүүгө чукул огород, жер тилкелерин каптап, бир унааны агызып кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады

© Фото / пресс-служба МЧС КРБаткен аймагында кечээ кечки төрттөрдөн кийин сел жүрүп, эки көпүрөнү, элүүгө чукул огород, жер тилкелерин каптап, бир унааны агызып кеткен
Баткен аймагында кечээ кечки төрттөрдөн кийин сел жүрүп, эки көпүрөнү, элүүгө чукул огород, жер тилкелерин каптап, бир унааны агызып кеткен - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткен аймагында кечээ кечки төрттөрдөн кийин сел жүрүп, эки көпүрөнү, элүүгө чукул огород, жер тилкелерин каптап, бир унааны агызып кеткен
© Фото / пресс-служба МЧС КРегизинен Лейлек айыл аймагы, Актерек жана Кара-Суу айылдары жабыркаган.
егизинен Лейлек айыл аймагы, Актерек жана Кара-Суу айылдары жабыркаган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
егизинен Лейлек айыл аймагы, Актерек жана Кара-Суу айылдары жабыркаган.
1/2
Баткен аймагында кечээ кечки төрттөрдөн кийин сел жүрүп, эки көпүрөнү, элүүгө чукул огород, жер тилкелерин каптап, бир унааны агызып кеткен
2/2
егизинен Лейлек айыл аймагы, Актерек жана Кара-Суу айылдары жабыркаган.

Негизинен Лейлек айыл аймагы, Актерек жана Кара-Суу айылдары жабыркаган.

Актерек айылында сел суулары 20 турак үйлөрдүн огород, жер тилкелерине кирип, 11 чакырым ички жолду кум-шагылга толтурган.

"Porter үлгүсүндөгү бир унааны сел кетүүчү сайдын ичинде турган жеринен агызып кеткен. Унаанын ичинде адам болгон эмес, жабыркагандар жок", — деп билдирди ӨКМ.

Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө үч баллдык жер титиреди
Кара-Суу айылында сел 30 турак үйдүн огород, жер тилкелерин каптап, жети чакырым жолду кум-шагылга толтурган. Эки көпүрөнүн астын сел жууп, авариялык абалга келтирген. Бир бала бакчанын ашканасына жана кампасына сел каптаган.

Маалымат кызматы учурда ӨКМдин тиешелүү бөлүктөрү сел жүргөн аймактарды текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө деп билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0