Экинчи кабаттан кулаган кишинин абалы оор, үчүнчүдөн кулаганы жеңил жаракат алган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экөө тең арак ичип, алагүү болуп кырсыктагандыгы белгилүү болду. Эки киши тең шаардагы травматология боюнча №4 ооруканага түштү.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү эки окшош окуя болуп, "жинди суудан" жутуп алгандар бийиктиктен кулап кетишкен. Бул туурасында Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов кабарлады.

Биринчи окуя 10-кичи райондо болгон.

"Бизге чакыруу болжол менен саат 14.52де келип түшүп, 30 жаштын тегерегиндеги мас кишинин жабырланганын билдик. Күбөлөрдүн айтымында, ал 3-кабаттан учуп кеткен. Анын башы жарылып, мээси чайкалып, омурткалары жана ички органдары жабыркаган", — деди Борисов.

Ал шаардагы №4 травматология жана ортопедия боюнча ооруканага түшкөн.

Кечирээк, түнкү саат 12ге чукул Бишкектин Киев — Турусбеков көчөсүнүн аймагынан жогорку кабаттан кулаган учур боюнча билдирүү келип түшкөн.

"Ал жерден европалык түспөлдүү жерде жаткан 50 жаштагы кишини табышкан. Күбөлөрдүн айтымында, ал курулуш жүрүп жаткан имараттын 2-кабатынын учуп түшкөн",— деди Борисов.

Жабырланган кишинин башы жарылып, мээси жабыркап, 2-деңгээлдеги комага түшүп калган. Омурткасы сынып, мас экендиги аныкталган.

Ал киши да травматология жана ортопедия боюнча №4 ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0