РФ жарандыгы бар кыргыз адам өлтүрдү деп издөөгө алынып, Бишкектен кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткенде туулуп, Россия жарандыгын алган киши 2011-жылы Калмак Республикасында жашап жүргөндө коңшусу менен чатакташа кетип, ага бир нече жолу бычак урган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россияда адам өлтүргөн деп айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн РФтин жараны, Баткенде туулган 54 жаштагы киши ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкектен кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бычак жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башында казак жигит турган каракчылардын тобу кылтакка илинди
Россиянын жарандыгын алган баткендик кишиге 2011-жылы июль айында кылмыш иши козголгон. Ал мындан 5 жыл мурда 9-июлда Россиянын Калмак Республикасында жашап жүрүп, коңшусу менен чатакташа кетип, ага бир нече жолу бычак урган. Берки алган жаракатынан улам каза болгон. Бул окуядан кийин 54 жаштагы шектүү жаран Кыргызстанга качып келген.

Учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен РФтин Калмак Республикасына өткөрүп берилгенге чейин эки айга камакка алынды. Анын кармалгандыгы тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигине кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0