"Ак-Буура" дарыясына аккандар бири-бирин куткарам деп, үчөө каза болуп калды

© Sputnik / Айша КамиловаРека Ак-Буура. Архивное фото
Река Ак-Буура. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 10-июлда саат экилер чамасында болгон. Жарандар бирин-бири куткарууга аракет жасап сууга секиришкен.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ош облусундагы Төлөйкөн айылындагы "Ак-Буура" дарыясына төрт адам агып, алардын бирөөсү аман калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 10-июлда саат 14.45 чамасында болгон.

"Дарыянын жээгинде эс алып отуруп Нурайым Бактыбек кызы сууга түшүп кетип, аны куткарууга аракет жасаган жолдошу Кыялбек Токтосунов дагы сууга агып кеткен. Ал экөөсүн куткарууга Тилек Ормонов жана Төлөгөн Сайдуллаев аттуу жарандар дагы сууга секиришкен", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада Нурайым Бактыбек кызы, Кыялбек Токтосунов жана Төлөгөн Сайдуллаев суудан каза тапкан. Ал эми Тилек Ормонов оор абалда суудан алынып чыккан.

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0