ИИМ: картадан утулган жаран карызынан мал менен кутулуп келген

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүМал. Архив
Мал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин тургуну 10 миң сомго утулуп калган. "Счетчикке отуруп калып" карызы 4 миң долларга жетип кеткен.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери акча талап кылууга шектелген төрт жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин милицияга Бишкектин тургуну кайрылып, өздөрүн кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп тааныштырган жарандар андан ири суммадагы акча талап кылып жатышканын айткан.

"Иликтөөнүн натыйжасында бир нече киши борбор калаа тургунунан карта оюнунан калган карызды доолап жүрүшкөнүн, "счетчиктен" улам 10 миң сом төрт миң долларга чейин өсүп кеткени аныкталган. Доочулар карыз адамдын үйүнө чейин келип опузалап, коркутуп-үркүтүшкөн. Жабырлануучу аларга үйүндөгү малын берип келген", — деп айтылат мааламытта.

Бул фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгү (Акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында акчанын ордуна төрт бука алып жаткан жеринен төрт киши колго түштү. Учурда иликтөө амалдарын Башкы тергөө башкармалыгы өткөрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0