Кыргызстанда жасалган голландия сыры Омск шаарында кармалды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСыр. Архив
Сыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19 тонна жүк Канттагы сүт заводунан Омск шаарында ташылып келе жаткан.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Россиянын Омск облусундагы Черлакс районунун чек арасынан Кыргызстандан сыр ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа кармалганын облустук телеканал маалымдады.

Бажы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия кыргыз продукциясын чек арадан текшерүүсүз өткөрмөй болду
"Кант-Сүт" сүт заводунда даярдалган "Голландский 45%" үлгүсүндөгү 19 тонна сыр Омск шаарына алынып келе жатканда 2-июлда кармалган.

Текшерүү учурунда ага коюлган белги жок болуп чыккан. Бирок, жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаарынын ветеринардык кызматы берген коштоочу документтерди көргөзгөн.

Учурда кармалган товар лабораториялык изилдөөгө алынды. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу административдик жоопкерчиликке тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0