Эки күндүн ичинде Кыргызстанда үч ирет жер титиреди

© Sputnik / Игорь Носов / Медиабанкка өтүүСейсмограф аппаратынын кагазы. Архив
Сейсмограф аппаратынын кагазы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор менен жабыркагандар болгон эмес.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстанда эки күн аралыгында үч ирет жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда жер силкинүүнүн күчү очогунда 4-4,5 баллга жетип 5-июль күнү түшкү саат 12.01де жана 18.15де катталса, 6-июль түнү саат 3.00 чамасында кайрадан силкинген. 

"Сейсмология институтунун маалыматына караганда жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Алай тоо кыркаларына туура келген. Ал эми эл жыш жайгашкан Бор-Дөбө айылында 3,5 балл, Кара-Киндик, Сары-Ташта — 3, Нурада — 2,5 балл болгон", — деп айтылат маалыматта. 

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор менен жабыркагандар болгон эмес. 

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0