Абакта отурган жаран өзүнүн футболкасына асынып алды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын чоо-жайын аныктоо үчүн соттук экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. №31 айып изоляторунун камерасында отурган 25 жаштагы жарандын асынып калган денеси табылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Окуя 4-июлда саат 10:30да болгон. Учурда оперативдик тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. 

"Абакта отурган 25 жаштагы жаран жип катары өзүнүн футболкасын колдонгон", — деп айтылат маалыматта. 

Кырсыктын чоо-жайын аныктоо үчүн соттук экспертиза дайындалды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0