Ошто эки жашар бөбөк сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКанал. Архив
Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Традегия "Черемушка" кичи районунда болду.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү эки жашар бөбөк Оштун каналына чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ведомство кайгылуу окуя "Черемушка" кичи районунда болгондугун билдирди.  

3-июлда Момунов көчөсүндөгү каналга эки жашар бала агып кеткенден кийин ӨКМ кызматкерлери издөө иштерин баштаган. Баланын сөөгүн туугандары эки сааттан кийин таап чыккан.

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0