Мектептин терезесин талкалады деп шектелген 46 жаштагы бейбаш кармалды

© Sputnik / Эркин АлымбековСындырылган терезе. Архив
Сындырылган терезе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери Лебединовка айылындагы мектептин терезесин талкалады деп шектелген 46 жаштагы бейбашты кармаганын Чүй ОИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 14-январында белгисиз киши саат 12.30дар чамасында мектептин терезесин сындырып, изин жашырып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында бул ишке шектүү катары жаран кармалган.

Ал убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0