Оштон мыйзамсыз автомат сактаган жаран кармалды

© Фото / пресс-служба МВД КРОш шаарында жарандын үйүндө табылган курал-жарак.
Ош шаарында жарандын үйүндө табылган курал-жарак. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы ыкчам иликтөө иш чараларын жүргүзгөн.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарында үйүндө мыйзамсыз автомат сактаган жаран кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык окуучу өзүн террористтердин тизмесинен таап алды
Ага ылайык, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактагы кызматкерлери ыкчам иликтөө иш чараларын жүргүзүп, 1990-жылы туулган кишинин үйүнөн Калашников үлгүсүндөгү номери өчүрүлгөн автомат жана анын октору табылган.

Укук коргоо органдары Ош шаарынын тургуну мыйзамсыз курал-жарак сактайт деген ыкчам маалымат алышкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0