Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар

Жазылуу
Сууга чөгүү фактылары республика боюнча жайкы сезондо көп кездешет. Мындай кырсык боюнча Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустары алдыда турат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы эки күн ичинде эле төрт бала сууга чөгүп каза болгону тууралуу жүрөк ооруткан маалымат таратты. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги беш жыл ичинде канча адам кырсыкка кабылып, сууга чөккөндүгү жана кайсы көл-дарыялар арбын адамдын өмүрүнө забын боло тургандыгы тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сурап көрдү.

Беш жыл аралыгында республика боюнча сууга чөккөндөрдүн саны:

  • 2012-жыл — 66 адам, анын ичинен жетөөсү жаш балдар;
  • 2013-жыл — 84 адам, жаш балдар — 22;
  • 2014-жыл — 82 адам, жаш балдар — 26;
  • 2015-жыл — 120 адам, жаш балдар — 27;
  • 2016-жылдын алты айынын ичинде — 31 адам, жаш балдар — 9.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын сууга чөгүү фактыларынын көбү Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кездешет. Мисалы беш жылдын ичинде республика боюнча жалпы 383 адам сууга чөгүп ажал тапкан болсо, анын 233ү ушул үч облуска туура келген. 

Кандуу көл-дарыялар

Чүй облусу боюнча Бишкектин айланасындагы Комсомол, Пионер көлдөрү, Чу дарыясы жана Чоң Чүй каналына чөккөндөрдүн саны облус боюнча жалпы көз жумгандардын 60-70 пайызын түзөт.

Күчүктү сактайм деп сууга аккан күйөөсүнөн айрылган кош бойлуу Айзатты - Sputnik Кыргызстан
Күчүктү сактайм деп сууга аккан күйөөсүнөн айрылган кош бойлуу Айзаттын тагдыры
Нарын дарыясы өтө узун жана суусунун көлөмү мол болгондуктан Таш-Көмүр менен Кара-Көл шаарларынын аймагында да кырсыктар көп кездешет. Натыйжада Жалал-Абад облусу боюнча Нарын дарыясы эң кооптуу болуп эсептелет. Мындан тышкары, Сузактагы Кара-Дарыя менен Көк-Арт дагы бир канча адамдын өлүмүнө себепкер. 

Таласта "Талас" дарыясы, Баткенде Төрт-Күл суу сактагычына чөккөндөр көп болсо, Ысык-Көл облусунда көлдүн өзү кооптуу болуп эсептелет.

Ошто Ак-Буура дарыясына чөккөндөрдүн саны арбын болсо, Нарында сууга чөгүү фактысы өтө сейрек кездешери маалыма болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0