ӨКМ: эки күн ичинде 4 бала сууга агып, 2 бала жоголуп кетти

© flickr.com / Dan BradyСуу жээги. Архив
Суу жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык үстүбүздөгү жылдын 29-30-июнь күндөрү болгон. Балдардын айрымдарын куткаруучулар тапса, кээсин жергиликтүү тургундар өздөрү таап чыгууда.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 29-30-июнь күндөрү өлкө боюнча сууга чөккөн жана аккан төрт, жоголуп кеткен эки баланын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Чу дарыясына агып кеткен эки жашар Нурсеит Жылышбаевдин денесин кечээ саат 12.30да куткаруучулар таап, ата-энесине өткөрүп беришти. 

30-июнь күнү Аламүдүн районунда саат 20.03дарда ГЭС-5 көлмөсүнө бир кыз сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барганга чейин белгисиз адам тарабынан кыздын денеси суудан чыгарылып, сөөктү ата-энеси алып кеткен.

Сокулуктун Күн-Туу айылындагы бассейнге түшүп жаткан Кочкор районунун 17 жаштагы тургуну Туратбек уулу Жыргал чөгүп кеткен. Куткаруучулар сөөктү Сокулук РИИБне өткөрүп беришкен.

Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл өкмөтүндө кечки саат 7де Эшек-Арт жайлоосундагы Үч-Көл көлүнө 16 жаштагы Расул уулу Шерлана ттуу бала чөгүп кеткен. Анын денесин куткаруучулар барганга чейин эле жергиликтүү адамдар суудан алып чыгышкан. 

Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында Күңгөй-Бет жайлоосунда 17 жаштагы туулган Нурлан уулу Рыспек адашып кеткен. Издөөгө чыккан куткаруучулардын ишинен азырынча майнап чыга элек. 

Кадамжай районундагы Пүлгөн айылында 29-июнда саат 15:00 чамасында 10 жашар Абдымомунов аттуу бала Ак-Суу дарыясынын боюнда ойноп жүрүп, жоголуп кеткен. Эртеси таң атпай куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Саат 10:20да баланын денеси жергиликтүү калк тарабынан Пүлгөн айылындагы дарыядан табылып, туугандарына тапшырылган.

Мындан сырткары, Сузак районундагы Достук айылында 27-июнь күнү саат 22:54 чамасында дайынсыз жоголгон төрт жашар туулган Перизат Арстанбекова дагы деле табыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0