Кыргызстандык журналист Стамбулдагы жарылуу кандай болгонун жеринен айтып берди

© REUTERS / STRINGERСтамбулдун Ататүрк аэропортундагы жардыруу жайы.
Стамбулдун Ататүрк аэропортундагы жардыруу жайы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулдун Ататүрк аэропортунда үч жанкечти өзүн жардырып, башкалары жүргүнчүлөргө карата ок чыгарган. Бул каргашадан 50гө жакын киши каза болуп, 150дөйү түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Zanoza.kg басылмасынын журналисти Марина Мирошник жарылуу болгон учурда аэропортто болгонун аталган басылма жазат.

Стамбулдун Ататүрк атындагы аэропортунда шейшемби күнү үч ирет жардыруу болгон жай - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен Стамбулга карай аба каттамы бир саатка кечигип жатат
Белгилей кетсек, 28-июнда жергиликтүү убакыт боюнча 10.00дөр чамасында Стамбулдун Ататүрк аэропортунда үч жанкечти өзүн жардырып, башкалары жүргүнчүлөргө карата ок чыгарган. Бул каргашадан 36 киши каза болуп, 150дөйү түрдүү жаракаттарды алган.

Журналист жарылуу алар учакка отуруп жатканда болгонун айтып берди. Жүргүнчүлөр кезек күтүп турганда аэропорттун башка жагынан катуу жарылуунун үнү чыгып, кишилер чуркап чыкканын көргөнүн айтат.

"Биз түшүп жаткан учакка жүргүнчүлөрдүн жарымы кирген, бирок баарыбызды сыртка чыгарып, күтүү залына чогултту", — дейт ал.

Жүргүнчүлөргө эмне болгонун так түшүндүрүп беришкен эмес, ал бирөө жан кечти өзүн кантип жардырып жибергени тартылган видеону көрсөткөнүн кошумчалайт. 

"Жүрөгү түшүп калган аялдар, балдар ыйлап, бир заматта ызы-чуу түшүп кетти", — дейт журналист.

Түрк аба жолдору авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдү эптеп мейманканаларга жайгаштырганын, учурда жүргүнчүлөр мейманканада экенин басылма жазат.

Түркиянын "Ататүрк" аэропортундагы жарылуу. Кырсык болгон жерден алынган сүрөттөрдү Sputnik Кыргызстандын фотолентасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0