Екатеринбургда Кыргызстандан барган жууркан-төшөнчүнүн арасынан 17 кг героин чыкты

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЭкспертно-криминалистическая лаборатория управления наркоконтроля по ЮФО
Экспертно-криминалистическая лаборатория управления наркоконтроля по ЮФО - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди өмүр бою эркинен ажыратуу каралууда.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россиянын Коопсуздукту коргоо федералдык кызматы тарабынан Кыргызстандан Екатеринбургга жөнөтүлгөн төшөнчүлөрдүн арасынан 17 килограмм героин алынды. Бул тууралуу аталган кызмат билдирет. 

Маалыматка ылайык, баңгизат ташууну 33 жаштагы кыргыз жараны уюштуруп, төшөнчүлөрдү фура менен алып келишкен. 

"Жүк ташуучу компания унаанын ичинде баңгизат бар экенин билген эмес. Кылмышка шектүү жаран товарды алып жатканда кармалды", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди өмүр бою эркинен ажыратуу каралууда. 

Эске сала кетсек, буга чейин Екатеринбургдун базарынан Кыргызстандан барган пияздардын арасынан 25 килограмм баңгизат алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0