Алайда Audi Бүлөлү дарыясына кулап, ичинде кишинин бар-жогу билинбей жатат

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен унаа. Архив
Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар бактардан көпүрө жасап, унаага жеткени менен анын эшигин ача албай коюшкан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 22-июнь күнү Оштун Алай районунда Audi үлгүсүндөгү унаа Бүлөлү дарыясына кулап кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда кайрадан чагылган түшүп 55 кой кырылды
Маалыматка ылайык, куткаруучулар бактардан көпүрө жасап, унаага жеткени менен анын эшигин ача албай коюшкан. Туурасы болжол менен 25-30 метр, тереңдиги 3 метр болгон дарыянын катуу агымынын жана ылайдан улам машинанын ичинде адамдардын бар-жогу билинген эмес. 

Убакыттын кеч болуп кеткендигине байланыштуу жана өмүргө коркунуч жаралгандыктан куткаруучулар кайтып келишкен.

Айыл тургундардын айтымдарында, автоунаа 43 жаштагы жергиликтүү тургун Бактыбек Өмүровго таандык.

Белгилей кетсек, бүгүн таңкы саат 05:06да куткаруучулар кайра издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0