Ак-Буура дарыясына эки өспүрүм агып кетип каза болду

© Sputnik / Айша КамиловаАк-Буура дарыясы. Архив
Ак-Буура дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына эки өспүрүм агып кетип каза болушту. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 21-июнда саат 16.31 чамасында болгон. 

"Дарыяга 10 жана 13 жаштагы эки бала агып кеткен. 13 жашар баланын жансыз денесин туугандары Өзбекстан чек арасындагы торчодон таап алып чыгышкан. Ал эми 10 жашар баланын дагы жансыз денеси коңшу өлкөнүн аймагынан табылган", — деп айтылат маалыматта. 

Экинчи баланын денесин Кыргызстанга алып келүү иштери 22-июнда жүргүзүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0