Жалал-Абадда кайрадан чагылган түшүп 55 кой кырылды

© AFP / JOCHEN LÜBKEЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чабан анын ичинен 20 коюн адалдап союп, калган койлорун союуга үлгүргөн эмес.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда чагылган түшүп, 55 баш кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Жайыттагы койлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Жалал-Абадда чагылгандан 145 баш кой кырылды
Маалыматка ылайык, Сузак районунда Алмалуу-Булак айылынын тургуну Медербек Каамытов элдин коюн алып, Күрөбөс жайлоосуна чыккан. 21-июнга караган түнү чагылган түшүп, 55 баш кой өлгөн. Анын ичинен 20 коюн адалдап союп, калган койлорун союуга үлгүргөн эмес.

Эске сала кетсек, Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын токой чарбасына караштуу Суук-Дөбө жайлоосуна түшкөн чагылгандан 145 кой кырылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0