Жол кырсыгынан каза болгон MMA боюнча чемпиону Абдыкадыровдун артында кызы калды

© Фото / Базарбек АбдураимовАралаш мушташ боюнча Азия чемпиону Мирбек Абдыкадыров(оңдон экинчи). Архив
Аралаш мушташ боюнча Азия чемпиону Мирбек Абдыкадыров(оңдон экинчи). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул чейин спортчунун өлүмүнө унаанын дөңгөлөгү жарылып, аласалып кетиши себеп болгону айтылган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Токтогул районунун тушундагы Бишкек — Ош жолунда болгон жол кырсыгынан аралаш мушташ боюнча Азия чемпиону Мирбек Абдыкадыровдун каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчу машыккан "Мухаммед-Умар" клубунан билдиришти.

Буга чейин ӨКМ Торкент айыл аймагынын тушунда болгон жол кырсыгына унаанын дөңгөлөгүнүн жарылышы себеп болгонун маалымдаган.

"Honda Stepwgn" унаасынын дөңгөлөгү жарылып, машина аласалып кеткен. Салондо 8 киши болгон. 27 жаштагы айдоочу менен 36 жаштагы бир жүргүнчү ооруканадан көз жумган. Дагы эки киши ооруканада дарыланып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

"Мухаммед-Умар" клубунун менеджери Арыпбек Айтбаев өз сөзүндө Абдыкадыров 2013-2014-жылдар аралыгында аралаш мушташ боюнча Кыргызстандын чемпиону болгонун белгиледи.

"2015-жылы ММА турниринин жыйынтыгы менен Азия чемпиону болгон. Артында кичинекей кызы калды", — деди ал.

Спортчунун сөөгү бүгүн кичи мекени Өзгөн районунда жерге берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0