ӨКМ: Жалал-Абадда чагылгандан 145 баш кой кырылды

Жазылуу
Табият кырсыгынан кой-козулар өлүп, ал эми чабан аман калган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын токой чарбасына караштуу Суук-Дөбө жайлоосуна түшкөн чагылгандан 145 кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Замирбек Дүйшөбаев билдирди.

Окуя Аксы районун тургуну Анарбек уулу Жахангир жана Умар Жолдошбаевдер аталган жайлоодо Шамалды-Сай шаарчасынын тургундарынын койлорун жайлоого айдап бара жатканда болгон. 

"Чабандар койлорду айдап келе жатканда ташка чагылган түшүп, 145 баш кой зоодон ыргып кеткен. Анын ичинен 115 баш койду союп, кардын жарып алган, калган 30 баш кой белгисиз болууда", — деп айтылат маалыматта. 

Малчылар союлган койлорду ээлерине ошол жерден таркатып берип, калганын андан ары айдап кетишкен. Бир дагы мамлекеттик органга маалымат беришкен эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин чагылгандан 120кой өлдү деген маалымат тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0