Жалал-Абад: чагылган тийген 120 кой кырылып калды

Жазылуу
Табият кырсыгынан кой-козулар өлүп, ал эми чабан аман калган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын токой чарбасына караштуу Суук-Дөбө жайлоосунда 16-июнда чагылган түшүп, 120 кой кырылып калган. Бул тууралуу ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Замирбек Дүйшөбаев билдирди.

Жайлоодогу аттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунда нөшөрлөгөн жаандан 13 жылкы тоодон кулап өлдү
Окуя Аксы районун тургуну Анарбек уулу Жахангир аталган жайлоодо Шамалды-Сай шаарчасынын тургундарынын койлорун кайтарып жүргөндө болгон. Чабан чагылган тийген койлордун баарын мууздап, кардын жарып чыккан.

Окуя Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары жана Аксы районунун чектешкен жеринде болгондуктан, аталган аймактардын жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0