Кыргызстандан Екатеринбургга бараткан унаадан героинге шыкалган пияздар табылды

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүГероинди жок кылуу. Архив
Героинди жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"999" категориясындагы героинди жашылча базасына тажикстандык жаран жеткирип келе жаткан. Баңгизаттын жалпы салмагы 25 килограммды түздү.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Екатеринбургдун күч түзүмдөрү пиязга жашырылган 25 килограмм героин таап чыгышты. Бул тууралуу Свердлов облусу боюнча Федералдык коопсуздук кызматынын башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, пияз жүктөлгөн 20 тонналык унаа Кыргызстандан Екатеринбургдун жашылча базасына өткөн аптада келген.

"Ар бир каптан пияздын кабыгы менен капталган тоголок нерсенин ичинен героин алынган. Бардыгы болуп 230 жасалма пияз табылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Күч түзүмдөрү аныктаган баңгизаттын жалмы салмагы 25 килограммды түзгөн. Героин ташуучунун өздүгү такталып, ал Тажикстандын жараны экени белгилүү болду. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду.

Эксперттердин айтымында, алынган баңгизат "999" категориясындагы жогорку сапаттагы таза героин болгон. Анын бир килограммы базарда 20 миң долларга бааланган. Ал эми акыркы пайдалануучу анын 7-8 ирет кошулма кошулган аралашмасын колдонорун айтып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0