Карелияда эс алууга чыккан 10 бала каза болуп калды

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүТокойдогу көл, Карелия. Архив
Токойдогу көл, Карелия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туристтик топто бардыгы 24 киши болгон. Анын экөө чоңдор болсо, калганы 12 жаштан 17ге чейин балдар экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Карелиянын Сямозеро көлүндө дайынсыз кеткен туристтик топтун курамындагы 10 бала каза болуп калганын аталган республиканын чукул кызматына таянып РИА Новости билдирди.

Жер көчкүдөн аман калган Мирбек, көз көрүнө көмүлгөн Эрлан. Окуянын чоо-жайы
Маалыматка ылайык, дагы үч бала изделип жатат. Учурда окуя болгон жерде ӨКМдин эки тик учагы иштөөдө.

Кийинчерээк чукул кызматтагы булак 11 адамдын каза болгонун маалымдап, канчасы бала экенин тактаган эмес. Дагы 11 адамды сактап калуу мүмкүн болгон, ал эми төрт бала изделип жатат.

Каттоого турбаган туристтик топ менен байланыш 19-июнда күндүз токтогон. Маалымат боюнча топтун ичинде 24 адам — экөө чоң киши, калганы бала экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0