Сузак: мечиттин имамы 10 жашар баланы зордуктап жүргөн деген шек менен кармалды

Жазылуу
Имам 10 жаштагы баланы зордуктоого шектелип жатат. Тергөө иштери жүргүзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүндөгү мечиттин 58 жаштагы имамы бачабаздыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын маалымат кызматынан билдиришти. 

Учурда имам 10 жаштагы баланы зордуктоого шектелип жатат. 

"18-июнь күнү, кечээ жабырлануучунун энеси милицияга арыз менен кайрылган. Анын негизинде соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалды", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Радужный флаг - символ движения геев и лесбиянок. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Бачабаздар менен лесбиянкалар 13 мамлекетте өлүм жазасына тартылат
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында шектүү аныкталып 19-июнь күнү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынын катчысы Максат Атабаев шектелип жаткан адам мечитте 3-4 жылдан бери иштеп келгенин, учурда муфтият да өз тарабынан ишти териштирип жаткандыгын билдирди. 

"Окуя Гафуржан ажы атындагы мечитте болгон деген маалыматтар айтылууда. Жалал-Абаддагы казыяттын өкүлчүлүгү ошол фактынын болгон же болбогонун териштирип,тактап жатат", — деп билдирди Атабаев. 

Маалымат кызматы кылмышка шектүү Сузак районунун тургуну жана үй-бүлөлүү экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0