Түркүктү сүзүп каза болгон айдоочу милиция кызматкери болгону аныкталды

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан анын жубай менен кызы оор жаракат алган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Мадина" базары жакта түркүктү барып сүзгөн унаанын айдоочусу Бишкек ШИИБдин кызматкери болгон. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Кырсык, 14-июндан 15-июнга караган түнү болгон. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу окуя болгон жерден каза тапкан.

Андан сырткары, 25 жаштагы аялдын бели сынып жана башка түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилсе, 5 жаштагы кыздын мээси чайкалып, колу-буту сыйрылып ооруканага алып келинген.

"Каза болгон айдоочу биздин кызматкер болуп чыкты. Ал жөө жүргүнчүдөн качам деп түркүктү сүзүп алган. Унаа саатына 70-80 чакырым менен бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары жаракат алгандар каза болгон милиция кызматкеринин жубайы менен кызы экенин ШИИБ тастыктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0