Тоң районундагы сел көлмөдөгү балыктарды агызып кетти

Жазылуу
Катуу жааган жаандын кесепетинен табигый көлдөрдүн жырылуу коркунучу бар. Аба-ырайы турукташканча тоңдуктарга коопсуз жайларда болуу керектиги эскертилди.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Тоң районунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, көлмөдө багылып жаткан балыктарды агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жаандын кесепетинен Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу Тоң балык өстүрүүчү ишканасынын жанындагы дамбанын 200-250 метр аралыгын алып кеткен.

"Суунун агымы жасалма алты көлмөгө куюлуп, анда өстүрүлүп жаткан балыктарды агызып кеткен. Саат 10.20 чамасында балык завод участогунда бир үй-бүлө кайык менен эвакуацияланды", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы жана жайыт комитетинин төрагасы Корумду, Кырчын, Туюк-Төр тарапта жашаган элге жана чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар катуу жааган жаандын кесепетинен түзүлгөн абалды, ошондой эле табигый көлдөрдүн жырылуу коркунучу бар экендигин, аба-ырайы турукташканча коопсуз жайларда болуу керектигин эскертишти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0