Мыйзамсыз ишкерлик кылып, кум казган кишиге кылмыш иши козголду

© Sputnik / Игорь Чуприн / Медиабанкка өтүүКум. Архив
Кум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кумду жергиликтүү тургун мыйзамсыз казып миллиондогон пайда таап турган.

БИШКЕК, 17-июн. – Sputnik. Аламүдүн районундагы айыл чарбасына тиешелүү кайрак жерден жергиликтүү жаран кумду мыйзамсыз казып, 21 миллион сомдук пайда тапкан. Бул туурасында Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызматтан кабарлашты.

Аталган факты боюнча Аламүдүн райондук прокуратурасы Кылмыш кодексинин 353-беренеси жана 180-беренесинин негизинде иши козгогон. 

Аталган кызматтан учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0