Нарында абал оор бойдон калууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРНөшөрлөгөн жаандан улам деңгээли көтөрүлүп кеткен Нарын дарыясы
Нөшөрлөгөн жаандан улам деңгээли көтөрүлүп кеткен Нарын дарыясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аймакта өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырсыктын алын алуу иштерине баш-көз болуп жүрөт.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Нөшөрлөгөн жаандан улам Нарын облусунда абал оор бойдон калып жатканын ӨКМ билдирди. 

Эскерте кетсек, кечээ, 15-май күнү катуу нөшөр Ат-Башы, Кочкор райондорунда көпүрөлөрдү, мүрзөлөрдү алып, кооптуу абал жаралган. 

Кочкордун Сары-Булак айылында сел асма көпүрөнү алып кетти - Sputnik Кыргызстан
Кочкордун Сары-Булак айылында сел асма көпүрөнү алып кетти
Учурда Нарын дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суунун чыгымы секундасына 700 метр кубга жетүүдө. Ал эми маалыматка ылайык суунун чеги секундасына 858 метр кубду түзөт. Буга чейин суу жээктерин бекемдөө үчүн кум толтурулган каптар пайдаланылып, катуу агым тизилген 500 капты да алып кеткени айтылууда.

Нарын облусундагы акыркы мезгилде түзүлгөн абалды жөнгө салуу жумуштарына өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү жеринин жетекчилик кылып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0