14:44 20 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
81 0 0

Өз нугунан чыккан суу 12 сарайга жана унаа жолуна коркунуч жаратууда.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кочкор районунун Көк-Жар айылында Жоон-Арык суусу дамбаны бузуп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Көк-Жар айылынын күн чыгыш тарабында болгон. Анда сел тосуп турган дамбанын үч метр жерин жырып, айылды суу каптоо коркунучу жаралган.

"Аталган аймакка ӨКМдин Кочкор райондук бөлүмү тарабынан 200 даана кап бөлүнүп берилип, айылдын тургундары жээк бекемдөө иштерин аткарууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Кочкор — Чаек авто жолунун түндүк тарабындагы 12 сарайды суу каптоо коркунучу жаралууда. Аталган тилкеде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырсыктын алдын алуу жумуштарына жетекчилик кылып, уюштуруу иштерин алып барууда.

Тема боюнча

Токмок шаарында шамалдан улам бак кулап, автоунааны басып калды
ӨКМ нөшөрлөп жааган жаандан жана шамалдан улам чукул жыйынга чогулду
Белгилер:
арык, Суу, сел, Кочкор

ЭҢ МААНИЛҮҮ