Токмок шаарында шамалдан улам бак кулап, автоунааны басып калды

© пресс-служба мэрии города БишкекКулаган дарак. Архив
Кулаган дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 15-июнь күнү кечинде ылдамдыгы секундасына 29 метрге жеткен шамал болгон.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Токмок шаарында шамалдан улам бак кулап, автоунааны басып калганын ӨКМ билдирди.

Жол тилкесин жеп кеткен Чу дарыясы - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков жол тилкесин жеп кеткен Чу дарыясынын жээгин бекемдөөнү тапшырды
Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 20:05 чамасында Токмок шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 29 метрге жеткен шамал болгон.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Токмок шаарынын Максим Горький көчөсүндө автоунаанын үстүнө бак кулап түшкөн. Ошондой эле Ломоносов көчөсүндө бактар жыгылган. Токмок шаардык аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тазалоо иштерин жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0