Кожожаштын Зулайкасы — актриса Гүлнара Кадралиева 5-кабаттан кулап каза болгон

© SputnikСнимок с официального сайта Департамента кинематографии при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики. Киноактриса Гульнара Кадралиева
Снимок с официального сайта Департамента кинематографии при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики. Киноактриса Гульнара Кадралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадралиева 1961-жылы Сокулукта төрөлүп, 1982-жылы ВГИКтеги Алексей Баталовдун актердук өнөрканасын аяктаган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Ак илбристин тукуму" кинотасмасында Кожожаш мергендин жубайы Зулайканын образын жараткан Гүлнара Кадралиева 5-кабаттан кулап каза болгон. Бул маалыматты Бишкек ШИИБ тастыктады. 

Эскерте кетсек, Кадралиева кечээ, 14-июнь күнү 55 жаш курагында көз жумганы айтылган. 

"Актриса 5-кабаттагы үйүнүн балконунан ылдыйкы кабатка шейшептерди бири-бирине байлаштырып түшүп баратканда буту тайып жерге кулап түшкөн. Кырсык 12-июнда болгон. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы келип, Кадралиеваны ооруканага алып кеткен. Ал эки күндөн кийин көз жумган", — деди ШИИБ маалымат катчысы Олжобай Казабаев.

Стамбул шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Стамбулда кыргызстандык кыз 8-кабаттан кулап аман калды
Кадралиева 1961-жылы Сокулукта төрөлүп, 1982-жылы ВГИКтеги Алексей Баталовдун актердук өнөрканасын аяктаган. Кыргызстанга келгенден кийин теле жана радиоберүү боюнча мамлекеттик комитетте, Ысык-Көл облустук драма театрында, "Кыргызфильмде" иштеген. 

Эң эле белгилүү образы — Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" тасмасындагы Кожожаш мергендин жубайы Зулайканын ролу. Мындан тышкары, бир катар тасмага тартылып, спектаклдерде ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0