Бишкек — Ош унаа жолунда катталган кырсыктан бир адам көз жумду

Жазылуу
Кырсыктын айынан бир адам ажал таап, үч адам ар кандай жаракат алган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда Audi-80 менен Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаалар кагышып кетти. 

Кырсык кечээ күнү Токтогул районунда катталган.

Натыйжада бир адам ажал таап, үч адам ар кандай жаракат алган. Машинанын ичиндеги дагы эки адам аман калды. 

Куткаруучулар жабыркагандарды ооруканага, ал эми каза тапкан адамдын денесин моргго жеткирип беришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0