Бишкектин Көк-Жар конушундагы көп кабаттуу үйдө өрт чыкты

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Аталган үйдө эч ким жашаган эмес.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкектин Көк-Жар конушунда 9 кабаттуу үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо Көк-Жар конушунун Шоокум көчөсү менен Куйручук көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабатуу үйдө чыккан.

"Тилсиз жоо тууралуу билдирүү 10-июнда саат 13:18де түштү. Атайын курам 13:19да чыгып кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча 9 кабаттуу үйдүн 9-кабатынжа өрт чыккан. Ал үйдө эч ким жашабайт", — деп айтылат маалымат.

Өрттү өчүрүү үчүн 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылды. Маалыматтарга ылайык, кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда тилсиз жоо чектелди.

Жаңылыктар түрмөгү
0