Чүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолго коркунуч жаратууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРЧүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, жол четин жей баштады
Чүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, жол четин жей баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суунун көтөрүлүшү күндүн катуу ысышына байланыштуу болуп жатат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Чүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, жол четин жей баштады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРНарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун 68-чакырымында Чүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, жол четин жей баштаган
Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун 68-чакырымында Чүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, жол четин жей баштаган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун 68-чакырымында Чүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, жол четин жей баштаган
© Фото / пресс-служба МЧС КРБул күндүн катуу ысышына байланыштуу экени белгиленет.
Бул күндүн катуу ысышына байланыштуу экени белгиленет. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул күндүн катуу ысышына байланыштуу экени белгиленет.
1/2
Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун 68-чакырымында Чүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, жол четин жей баштаган
2/2
Бул күндүн катуу ысышына байланыштуу экени белгиленет.

Алдын ала маалыматтар боюнча 9-июнь күнү саат 6.30 чамасында Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун 68-чакырымында Чүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, жол четин жей баштаган. Бул күндүн катуу ысышына байланыштуу экени белгиленет. 

"Аталган дарыя суусунун ченеми секундасына 61 метрди түзөт. Учурда агып жаткан ченеми секундасына 169 метрге жетүүдө. Ал эми коркунуч жараткан ченеми секундасына 190 метрге чейин белгиленген", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган аймакка Чүй районунун №34 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду жеп кетүү коркунучун жоюуга бир даана манипулятор, бир даана автокран, бир даана жүктөгүч жана эки даана самосвал тартылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0