Бишкекте 10 жылдан бери издөөдө жүргөн мурунку милиционер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы жана кишен. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жаран "Көк-Жар" жаңы конушунан колго түшкөн. Ал 2006-жылдан бери издөөдө болчу.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкекте 10 жылдан бери издөөдө жүргөн ички иштер органынын мурунку кызматкери кармалды. Бул тууралуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

37 жаштагы жаран баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмышка тиешеси болгону үчүн изделип келген.

Ал Бишкектин "Көк-Жар" жаңы конушунан колго түшүрүлүп, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0