Алты жашар кызга бузукулук кылган 65 жаштагы шектүү киши кармалды

Жазылуу
Жаңы конуштун 60-70тей тургуну чогулуп, шектүү кишинин туугандарын бул жактан көчүп кетүүсүн талап кылышкан.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Алты жаштагы кызга бузукулук аракеттерди жасады деп шектелип 65 жаштагы киши кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-июнда кечки саат сегиздер чамасында Аламүдүн районундагы жаңы конуштардын биринде 2010-жылы туулган кызга бейтааныш киши бузукулук аракеттерди жасап, кыздын денесин көгала кылган. Жеткинчек №3 балдардын ооруканасына жактырылган. 

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мас энеси колунан түшүрүп жиберген ымыркай ооруканага жаткырылды
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, сот-медициналык, сот-психиатриялык экспертиза дайындалган.

Ыкчам-иликтөө иш чаралары учурунда шектүү катары 1951-жылы туулган Баткен облусунун тургуну кармалып, Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал Ак-Бата жаңы конушундагы туугандарыныкында убактылуу жашап жүргөн.

7-июнда Ак-Бата жаңы конушунун 60-70тей тургуну чогулуп, шектүү кишинин туугандарын бул жактан көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Окуя болгон жерге милиция жөнөтүлгөн. Түшүндүрүү иштеринен кийин чогулгандар кечки саат 23.30дар чамасында тарап кетишкен. Абалга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көзөмөл кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0