Чүйдө июндун башынан бери төрт адам сууга чөгүп, экөөнүн денеси табылды

© Sputnik / Алексей Бушкин / Медиабанкка өтүүАрык. Архив
Арык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июнь айынын баш жагында кырсыкка кабылган эки жаран ушу кезге чейин изделип жатат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Чүйдө төрт адам сууга чөгүп, экөөнүн денеси табылса, экөө ушу кезге чейин изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда ГЭС-4 суусуна Аламүдүн районунун 56 жаштагы тургуну чөгүп кеткен. Учурда ал табыла элек. 

Өрт чыккан аймактагы ӨКМ кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Газ ташуучу унаанын жарылуусунан жабыркаган 6 адамдын абалы оор
Ал эми Боом капчыгайында балыкчылар Чу дарыясына агып бара жаткан аялды көрүшкөн. Чүй айылынын 53 жаштагы тургуну деп божомолдогон куткаруучулар аны ушу кезге чейин издешүүдө. 

Мындан сырткары, Аламүдүн районунун 31 жаштагы тургуну Чоң Чүй каналына чөгүп кетип, жансыз денеси табылган. 

Сосновка айылында көлмөгө чөгүп кеткен Кара-Балта шаарынын 37 жаштагы тургунунун сөөгүн куткаруучулар бир туугандарына тапшырып беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0