Сууга чөгүп бараткан жигитти кафедеги эс алуучулар куткарып калышты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу оор абалда тез жардам менен Чүй аймактык ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кафеде эс алып отургандар 23 жаштагы баланы өлүмдөн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, Рысбек Шерматов аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын 2-июнь күнү "Гаваи" кафесинин аймагындагы көлмөгө чөгүп кеткен. 

"Куткаруучулар барганча чөгүп бараткан баланы эс алып отургандар сактап калышкан", — деп айтылат маалыматта. 

Жабырлануучу оор абалда тез жардам менен Чүй аймактык ооруканага жеткирилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0