Ысык-Атадагы №3 колонияда арактан улам ок атылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттолгон жаран тыюу салынган аймакка киргендиктен күзөттө турган жоокер эскертүү берген.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. №3 түзөтүү жайында түнкү саат 11лер чамасында күзөттө турган аскер тыюу салынган аймакка кирген соттолуучуга эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы: түнкүсүн чек араны бузгандар өзбек жарандары болушу мүмкүн
Күзөттө турган аскер соттолгон жаранды байкап "Токто, атам" деп кыйкырган. Ал жоокердин кыйкырганына көңүл бурбагандыктан, асманга ок чыгарган. Бул учурда буйрукка баш ийбеген киши түрмөнүн ичине ыргытылган бир нерсени алганга жетишкен деп айтылат билдирүүдө.

Окуя боюнча күзөттө турган аскер кароолдун жетекчисине маалымат берген. Ыкчам бөлүмдүн кызматкерлери эреже бузган жаранды кармашкан. Ал мал уурулук үчүн алты жылга соттолгон 30 жаштагы жаран экени аныкталган. Жанынан желим бөтөлкө табылып, анын ичинде аракка окшогон суюктук табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0