Ош базарынын аймагынан түндө үч киши бычакташып мушташкан

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган киши. Архив
Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарадар болгон эки киши Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия борборуна жеткирилген.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Ош базар аймагынан үч киши бычакташканын Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

"Шейшемби күнү саат 23.18де Павлов жана Рыскулов көчөлөрүндө мушташ болгону боюнча билдирүү түштү. Окуя болгон жерге барганда үч киши жабыркаганы аныкталган. Анын бирөөсүнүн абалы өтө оор. Аны жана дагы бирөөсүн Улуттук хирургия борборуна жеткирдик", — деди Борисов.

Үчүнчү жаранга тез жардамды милиция кызматкерлери чакырган. Ага жеринде дарыгерлер жардам беришкен.

Жабыр тарткандардын экөө мас абалында болгон.

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы окуя тууралуу кенен маалымат бере турганын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0