Түндө чек арага жакындап келгендер ок атылгандан кийин Өзбекстанга кирип кеткен

Жазылуу
Окуя 31-майга караган түнү Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара аймагына жакын жерде болгон.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кадамжай районундагы "Пионерь лагерь" аймагында кыргызстандык чек арачылар асманга ок аткандан кийин гана белгисиз адамдар Өзбекстан тарапты көздөй кирип кеткен. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.

"31-майга караган түнү чек ара нөөмөтчүлөрү мамлекеттик чек арага жакындаган 10го чукул адамды байкаган. "Токто" деген талапка баш ийбегенден кийин, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ушундан кийин гана белгисиз адамдар Өзбекстанды көздөй кирип кеткен", — деп айтылат расмий маалыматта.

Аталган аймак Өзбекстан менен чектешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0