Кадамжайда селден жабыркаган элди таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия сошедшего селя в городе Кадамжай
Последствия сошедшего селя в городе Кадамжай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Селден улам тосулуп калган автожолдорду тазалоо үчүн Ош жана Баткен облустарынын 24 атайы унаа тартылган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кадамжайдагы селден улам жабыркаган жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү Жийделик участкасында тынбай жаан жаап, катуу сел жүргөн. Анын кесепетинен 11 унааны суу агызып, бир машина сайга кулап кеткен. Ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. Дагы бир алты жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүргөн. Ал эми сел агызып кеткен унаа ичинде дагы бир үч жашар бала болгону айтылып, учурда куткаруучулар аны издеп жатышат.

"Кадамжайда селден жабыркаган жолдорду калыбына келтирүү иштери улантылууда. Ал үчүн Ош жана Баткен облустарынын 24 атайы унаа тартылган. Эксперттердин эсептөөсүндө селден чогулган кум-таштар 43 тоннаны түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар күн-түн дебей иштешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0