Бишкек — Ош жолунда автоунаадан 3,8 кг. марихуана табылды

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүМарихуана. Архив
Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаасына баңгизатын салып алып жолго чыккан жаран милиция кызматкерлерине кармалды.

БИШКЕК, 27-май —Sputnik. Кара-Көл шаарындагы аймактан Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлери Бишкек — Ош жолунда кетип бара жаткан шектүү айдоочунун автоунаасынан 3,8 килограмм марихуана таап чыкты. Бул туурасында Жалал-Абад облусунун ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

"Шек жараткан автоунааны тинте келгенде анын ичинен эки мүшөккө теңдеп салынган 3,8 килограммга чукул марихуана чыккан. Анын ээсинин ким экендигин тактай келгенде 26 жаштагы Кыргызстан жараны болуп чыкты", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Ага Кылмыш кодексинин 246-беренесинин негизинде (баңгизаттарын мыйзамсыз алып, ташып, сактап, жасап жүрүү) кылмыш иши козголуп, учурда убактылуу кармоо жыйына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0