03:45 22 Баш оона 2017
Түз эфир
Тез жардам автоунаасы. Архив

Бишкекте кардар аял соода борборунун айнек эшигин башы менен сүзүп, талкалап алды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
460 0 0

Учурда аялдын абалы туруктуу болгону менен айнектин сыныктарынан алган жарааттары көп экени айтылууда.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкектин Шопоков көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун биринин айнек эшигин бир аял сүзүп талкалап алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Окуя бейшемби күнү саат 11.00дө болгон. Дарыгердин айтымында, 39 жаштагы аял Улуттук госпиталга жаткырылды.

Ооруканадан учурда аялдын абалы туруктуу экенин айтышты. Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, айнек сыныктарынан жаракат алган.

Ал эми соода борборунун администрациясы иликтөө жүрүп жаткандыктан азырынча окуяга эч кандай түшүндүрмө бербей тургандыгын билдирди.

Тема боюнча

Туугандарына жолугуу үчүн келген тажиктер чек араны бузду деп кармалды
Аргентиналык футболчу оюн талаасында жан таслим болду
Белгилер:
соода борбору, баш, оорукана

ЭҢ МААНИЛҮҮ