Бишкекте кыз-жигит үй ээсин уруп-согуп, унаасын айдап кетишкен

Жазылуу
Каракчылар карыяны бычак менен коркутуп, үйдөн сыналгы менен башка оокаттарын жана Volkswagen унаасын айдап кетишкен.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кайгуул милициясы бир кыз менен жигитти каракчылыкка шектүү катары кармады. Бул тууралуу Бишкек Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Уй айдап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй жана Ошто мал уурулар кармалды
Маалыматка ылайык, 25-май күнү болжол менен саат 3.00дө Кайгуул милициясына билдирүү түшүп, анда 60 жаштагы тургунга күч пайдаланып, үйүн карактап кеткендер тууралуу айтылган.

Каракчылар карыяны бычак менен коркутуп, үйдөн сыналгы менен башка оокаттарын жана Volkswagen унаасын айдап кетишкен.

Аталган кылмышка шектелип Лебединовка айылынын 25 жаштагы тургуну жана Бишкектин 24 жаштагы жашоочусу кармалган. Алар уурдалган оокаттар менен Свердлов районунун ИИБ алып келинип, унаа бөлүмдүн короосуна токтотулду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0