200 миң сомдук тамекини Тажикстандан мыйзамсыз алып келе жаткан киши кармалды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүТамекилер. Архив
Тамекилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаранга айыппул салынып, колго түшкөн тамекиси Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Баткенде кыргызстандык киши 200 миң сомдук тамекини Тажикстандан контрабандалык жол менен чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганда кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

"Чек арачылар Audi үлгүсүндөгү автоунааны текешере келгенде тиешелүү кагаздары жок 500 блок тамеки табышкан. Кыргызстандын жараны Тажикстандан чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан тышкаркы аймак менен аталган товарды алып өтүүгө аракет кылган. Контрабандалык бул жүктүн наркы 200 миң сомду түзгөн",— деп билдирди Чек ара кызматынан.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ага мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн айып салынган. Ал эми контрабандалык жүк Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0